Кыштын ызгаар түндөрүнүн биринде, миллиардер киши кедей карыя менен көчөдө жолугуп калат. Андан үстүндө жылуу кийими жок суукта үшүп-үшүбөгөнүн сурайт. – Эч кандай кийимим жок, бирок көнүп деле калдым... – деп жооп берет карыя. Буга боору ооруган миллиардер киши: – Күтө туруңуз. Мен үйгө кирип, сизге жылуу кийим алып чыгып берейин – дейт. Эчкиси эгиз туугандай сүйүнгөн карыя ыраазы болуп, күтүп турарын айтат. Үйүнө кирген бай башка жумушка алаксып кетип, сыртта күтүп турган кембагалды унутат да калат... ...Эрте менен ойгонгондо сыртта күтүп турган кедей карыяны эстеп, шашкан бойдон чуркап чыгат. Бирок аксакалдын суукка тоңуп өлгөн жансыз денесин жана өлөр алд