ТӨРТ АЯЛ Илгерки доорлордо бир падыша төрт аялдуу болгон экен.Баары эс-акылы жана чырайы келишкен болсо да,бирок падыша алардын ичинен эң кичүүсү –төртүнчүсүн көбүрөөк жакшы көрөөр эле.Анткени ал жаш жана назик болгон.Сүйүктүү төртүнчү аялы ар дайым кымбат баалуу кийимдерди кийип,асыл таштар менен курчалган. Султан үчүнчү аялын да өзгөчө жакшы көрчү,анткени ал дүйнөдөгү не бир сулуу аялдардын бири эле.Башка өлкөлөргө саякатка барганда да падыша башка адамдар арасында мактануу максатында ар дайым үчүнчү аялын кошо алып жүрчү. Бирок ар дайым башка эркекке кетип калбасын деген коркунучта өтөөр эле. Экинчи аялын да падыша абдан жактыраар эле,анткени ал өтө зээндүү жана куу болчу.Ал башкалардан а