Ажал айттырбай келет...
Алай районунун ардактуу атуулу наамынын ээси, райондун өз учурундагы депутаты,аталган райондун кере-жарак коомунун мурдагы төрагасы,Коңур-Дөбө айылдык аймактын мурдагы башчысы жана жөн эле жөнөкөй инсан Жапар уулу Айдарбек агабыз бүгүн дүйнө салды. Бул инсанды татыктуу ата, сыйлуу ака,кадырлуу жар,ызаттуу ини,кыйышпас дос,ишенимдүү жолдош,күчтүү насаатчы,кесипкөй адис,кылдат дипломат,чалгынга бирге чыксаң сатпай турган жоокер,чыныгы мекенчил,ар тараптуу серепчи,калыстыкты как жарган акыйкатчы,билээрман уюштургуч,кызыктуу баяндамачы катар катары тааныйт элек. Ажал айттырбай келет… Жаткан жериңиз жайлуу,топурагыңыз торколуу болсун,урматтуу биз сыйлаган кадырлуу Адам! М