
Левая колонка
Фильтр
ЧҮЙҮМӨ АРНАЙМ
Баяндаймын Сары-Өзөн Чүйүмдү ,
Төгөрөгү төп келишкен "үйүмдү".
Бир нече сап ырга топтоп билгеним ,
Батырсам дейм Ала-Тоодой сүйүүмдү.
Ысык-Ата, Ак-Суу -мүрөк кайнаган,
Дабаа дайым ооруларга сандаган.
Буранасы ,Ала- Арчасы- керемет,
Суктандырган туристтерди жайнаган.
Баатырларды терип жазсам башынан,
Байтик , Шабдан -акылдары ташыган.
Дүйшөнкулду Мекен үчүн жан берген,
Жылда эскерип ,улуу-кичүү жашыган.
Талаалары таң калтырып керилген,
Кыргызымдын таалайына берилген.
Багып жаткан бапыратып бардыгын,
Айланамын пейли кенен жеримден.
Атактуу көп , таланттары таш жарган ,
Осмонкулу опол тоодой баркталган.
Кимдер билбейт , Алыкулдай залкарды,
Тарыхта аты
Баяндаймын Сары-Өзөн Чүйүмдү ,
Төгөрөгү төп келишкен "үйүмдү".
Бир нече сап ырга топтоп билгеним ,
Батырсам дейм Ала-Тоодой сүйүүмдү.
Ысык-Ата, Ак-Суу -мүрөк кайнаган,
Дабаа дайым ооруларга сандаган.
Буранасы ,Ала- Арчасы- керемет,
Суктандырган туристтерди жайнаган.
Баатырларды терип жазсам башынан,
Байтик , Шабдан -акылдары ташыган.
Дүйшөнкулду Мекен үчүн жан берген,
Жылда эскерип ,улуу-кичүү жашыган.
Талаалары таң калтырып керилген,
Кыргызымдын таалайына берилген.
Багып жаткан бапыратып бардыгын,
Айланамын пейли кенен жеримден.
Атактуу көп , таланттары таш жарган ,
Осмонкулу опол тоодой баркталган.
Кимдер билбейт , Алыкулдай залкарды,
Тарыхта аты
Акбар Кубанычбековдун "Бир күн"деген ырына таасирленип жазылган .
Бир күн сунат бизге арнап шыбага,
Аз көрүнсө , топук кылгын буга да.
Башкаларга неге көбүн бөлдүң деп,
Тарс айрылып, тагдырыңды "шыбаба."
Бир күн келет кейпин бузуп түнөрүп,
Көөдөнүңдү таштай кысып тирелип!
Аалам тарып , алапайың таппайсың,
Таалайыңды тарттыргандай түбөлүк...
Бир күн жарк-журк! Жарыктан көз жалтанат,
Жан-дүйнөңдө бакыт куруп салтанат.
Жерге батпай көктө учуп каласың,
Кубанычтан жаралгансып кош канат!
Бир күн сүрөйт алдастатып шаштырып,
Кайсалайсың , кара жаның карч уруп.
Көр тирликке бел курчооңдон батасың,
Бардан жокту , кайра жоктон бар кылып.
Бир күн алдайт
Бир күн сунат бизге арнап шыбага,
Аз көрүнсө , топук кылгын буга да.
Башкаларга неге көбүн бөлдүң деп,
Тарс айрылып, тагдырыңды "шыбаба."
Бир күн келет кейпин бузуп түнөрүп,
Көөдөнүңдү таштай кысып тирелип!
Аалам тарып , алапайың таппайсың,
Таалайыңды тарттыргандай түбөлүк...
Бир күн жарк-журк! Жарыктан көз жалтанат,
Жан-дүйнөңдө бакыт куруп салтанат.
Жерге батпай көктө учуп каласың,
Кубанычтан жаралгансып кош канат!
Бир күн сүрөйт алдастатып шаштырып,
Кайсалайсың , кара жаның карч уруп.
Көр тирликке бел курчооңдон батасың,
Бардан жокту , кайра жоктон бар кылып.
Бир күн алдайт
Сезээрсиң себебимди
Барактап отурамын
ыр толгон дептеримди,
Саптардан сага жазган алыстап кетпедимби...
А бирок кайрылчы деп, карегиң издегени,
"Карайган" көөдөнүмө
кардай жаап өтпөдүбү!
Убакыт умтулууда
учурдан алга шашып,
"Уйкумдан " ойгоно албайм убайым жээкке ташып.
Угуп кой, себеп барын сезимге бөгөт койгон,
Ал "себеп"жашап жатат тамырдан кан талашып...
Артыма кайрылбасым баарына айдан ачык,
Баары бир ойлор оройт оргуштап ала качып.
Оодарып жан-дүйнөмдү
опуза кылат сүйүү,
Өксүтүп ичтен жалмап , кетилдим болуп жашык...
Бири кем дүйнө ушул... Билгенде кемииримди,
Бир мүнөт оорутпастан бакмакмын көңүлүңдү...
Табаңды кандырбас
Барактап отурамын
ыр толгон дептеримди,
Саптардан сага жазган алыстап кетпедимби...
А бирок кайрылчы деп, карегиң издегени,
"Карайган" көөдөнүмө
кардай жаап өтпөдүбү!
Убакыт умтулууда
учурдан алга шашып,
"Уйкумдан " ойгоно албайм убайым жээкке ташып.
Угуп кой, себеп барын сезимге бөгөт койгон,
Ал "себеп"жашап жатат тамырдан кан талашып...
Артыма кайрылбасым баарына айдан ачык,
Баары бир ойлор оройт оргуштап ала качып.
Оодарып жан-дүйнөмдү
опуза кылат сүйүү,
Өксүтүп ичтен жалмап , кетилдим болуп жашык...
Бири кем дүйнө ушул... Билгенде кемииримди,
Бир мүнөт оорутпастан бакмакмын көңүлүңдү...
Табаңды кандырбас
БАКЫТ ЖӨНҮНДӨ
Бакыт кайда ?
Асыл жарга жанашууда,
Жадабастан бир жаздыкты талашууда.
Сансыз жылдар бирге түтүн булатса да,
Кумар толгон көздөр менен карашууда.
Бакыт кайда ?
Наристенин күлгөнүндө,
Там туң этип ,кадам таштап жүргөнүндө.
Ата-энеси маңдайында аман-эсен,
Баары балдай таттуу өмүр сүргөнүндө.
Бакыт кайда?
Жаманды да көргөнүңдө,
Тумчуктурган жалаасынан,
"өлгөнүңдө."
Ныгырып балчык басканга, баш бербестен,
Жылчык көзөп ,кайра өйдө өнгөнүңдө.
Бакыт кайда?
Барга ,жокко көнгөнүңдө,
Татыктууну ,татыксыздан бөлгөнүңдө.
Аруумун деп, жалган айтып кирдегенди,
Көңүлүңдөн ,көздөн далдаа, көмгөнүңдө.
Бакыт кайда?
Аруулукта мөлтүрөгөн,
Бийиктикте , көз тайгылты
Бакыт кайда ?
Асыл жарга жанашууда,
Жадабастан бир жаздыкты талашууда.
Сансыз жылдар бирге түтүн булатса да,
Кумар толгон көздөр менен карашууда.
Бакыт кайда ?
Наристенин күлгөнүндө,
Там туң этип ,кадам таштап жүргөнүндө.
Ата-энеси маңдайында аман-эсен,
Баары балдай таттуу өмүр сүргөнүндө.
Бакыт кайда?
Жаманды да көргөнүңдө,
Тумчуктурган жалаасынан,
"өлгөнүңдө."
Ныгырып балчык басканга, баш бербестен,
Жылчык көзөп ,кайра өйдө өнгөнүңдө.
Бакыт кайда?
Барга ,жокко көнгөнүңдө,
Татыктууну ,татыксыздан бөлгөнүңдө.
Аруумун деп, жалган айтып кирдегенди,
Көңүлүңдөн ,көздөн далдаа, көмгөнүңдө.
Бакыт кайда?
Аруулукта мөлтүрөгөн,
Бийиктикте , көз тайгылты
Мен сайтка кайрылып келгенде ,бир акын досум ушул ыр менен тосуп , кубанычка бөлөдү.
Ай чырай жүзү, тиличи балдай,
Ах, аттиң, наздуу айым жок андай.
Абалтан бери канча убак өттү,
Акыбал, жашоо дуруспу жагдай?
Айтылуу Чүйдүн акын жан кызы,
Аруу кыз асыл Арушум кандай?.
Сырдашчу сырым көөдөнгө толду,
Сыпайы тартып жыйдым бүт ойду.
Сын айтчу өзүң болбогон бир соң,
Сыгылбай ырым шишикке толду.
Сөгүлбөй калган түйүндү ийрип,
Сөөлөтүң менен сөксөң бир болду).
Сен билген бала баягы бойдон,
Айырмам эмне жанагы койдон.
Баш ийген жерде жүрөмүн деп бир,
Бая эле күнү ойлонуп койгом).
Бу тагдыр бизге ээлигин кылып,
Буюруп жазып койгону койгон...
Ай чырай жүзү, тиличи балдай,
Ах, аттиң, наздуу айым жок андай.
Абалтан бери канча убак өттү,
Акыбал, жашоо дуруспу жагдай?
Айтылуу Чүйдүн акын жан кызы,
Аруу кыз асыл Арушум кандай?.
Сырдашчу сырым көөдөнгө толду,
Сыпайы тартып жыйдым бүт ойду.
Сын айтчу өзүң болбогон бир соң,
Сыгылбай ырым шишикке толду.
Сөгүлбөй калган түйүндү ийрип,
Сөөлөтүң менен сөксөң бир болду).
Сен билген бала баягы бойдон,
Айырмам эмне жанагы койдон.
Баш ийген жерде жүрөмүн деп бир,
Бая эле күнү ойлонуп койгом).
Бу тагдыр бизге ээлигин кылып,
Буюруп жазып койгону койгон...
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
339
- Nazdanat ManazarovaКлайпеда
- Мика УсоналиеваБишкек (Пишпек, Фрунзе)
- Жума 👆👆👆💜💜💜💝💝👉👉Джалал-Абад (Жалалабат)
8
- "РЕКЛАМА-КЫРГЫЗСТАН"22635 подписчиков
- Elite House, Бишкек211 подписчиков
- ЛАЙФ КG Кыргызстан65722 подписчика
- ♥ ПОЭЗИЯ♥6135 подписчиков