Мен мындай келин болом:
Он бала торой турган
Ойсоңдоп кулбой турган
Бейтаныш эркектердин
Бетинен оппой турган
Эки ирет суйлөтпөгөн
Эзилип суйрөлбөгөн
Шымыңды кырлай турган
Сырыңды сактай турган
Кайгырып турганыңда
Кайгыңды аңдай турган
Кайсарлап какшатпаган
Аялдык асыл затын
Ар-дайым сактай турган
Келин болом айылыңа
Кайын журт мактай турган!