Информация Максата доступна только авторизованным пользователям.

Все заметки

Фид

ӨМҮРДҮН КЕРЕМЕТИ МЕНЕН СЫРЫ

3 - БӨЛҮМ

Колум бошосо эле экенин жанынан чыкпай калган болдум. Бир гана сүйлөшүп отурбастан, эже мага өзүнүн кесибин да үйрөтө баштады. Бир нерсе сөгүп тиктирсе, кээде кездемени өлчөтүп кестирип, жыртыкты жамаганды, курак кураганды, түймө түйгөндү акырындан үйрөтүп жүрдү. Арадан бир жыл өтүп кетти. Кызыма кош бойлуу болдум. — “ Түймө түйбө! Бала киндигине оролуп калат!” — деп жолотпогону менен, менин кызыгуум артып, үйгө келгенде кийим токуй берчүмүн. Бошонгондон кийин кийем деп түрлүү орнаменттер менен кооздоп жемпир, юбка да токуп койдум. Кийим сатканым менен, өз колуман чыккан бул буюмдар өзгөчө көрүнүп турду. Бошонууга күнүм жакындаганда УЗИге жөнөтүшт
Фид

ӨМҮРДҮН КЕРЕМЕТИ МЕНЕН СЫРЫ

2 - БӨЛҮМ

Экинчи ооруканага шашып келдим. Каршыман күйөөм чыгып калды. Ыйлагандай түрү бар. Жүрөгүм оозума тыгылып коркуп кеттим. — Апам... Апам аманбы!? — дедим калтырап. — Аман, аман! Кече кан басымы көтөрүлүп кетип... Чынар, сен коркпо! Азыр эле дарыгер менен сүйлөштүм. «Бир-эки саат эс алсын, анан кирсеңиздер болот» деди. Кудай буюрса баары жакшы болот! — деп мени бооруна кысты. Анын денесине боюмду таштап, ийинине башымды коюп, ыйлап жибердим. Бир жагынан апамды ойлосом, экинчи жагынан өз катамды эстеп ичим ачышат. Канчалаган оор сөз айтсам да, күйөөм эч нерсе болбогондой мени жубатып турганычы... Мен кандай адаммын деги? Кантип ушундай үй-бүлөмдөн айры
Фид

ӨМҮРДҮН КЕРЕМЕТИ МЕНЕН СЫРЫ

1-БӨЛҮМ Жылуу жүздүү, мээримдүү көздүү, аябай сыпайы бул зайыпты көргөн сайын ар дайым ойго батам. Күйөөсү жумушуна издеп келип дайыма жардамдашып жүргөнү. Кыздары менен күйөө балдары «мама» деп чуркап, ар бир майрамда көңүл кош калтырбай, белектери менен куттуктап, убакыт таба калып келип кетишкени. Үч кызы, неберелери келгенде таптакыр гүлдөп кетет эже. Бир соода үйүндө ар ким бутикти ижарага алып, ар кимибиз өз ишибиз менен алектенип жүрөбүз. Өзүм кийим сатамын. Тигил эже тигүүчү. Кошумча көшөгө да сатат. Мен алардын үй-бүлөсүнүн ынтымагына көп суктанып жүрөт элем. Бир жылдай убакыт өттү. Кийим сатуучуларда бош убакыт көп болот эмеспи. Кардар келбесе бири-би
Фид

КОШУНА

Жакында жашап жаткан үйдөн бир үй-бүлө батир сатып алып, көчүп келишти. Бойго жеткен эки кызы бар экен. Чынын айтсам, жакшылап таанышып үлгүрө элек болчубуз. Бир эшиктен кирип-чыгып, бир эле лифт менен көтөрүлгөндө гана жолукканыбыз болбосо... Айтарыбыз «Саламатсызбы» деген эле сөздөр башка ишибиз деле жок. Эркеги менен жолуксам, «Ассалому алейкумдан» ары деле өтпөйбүз. Жөнөкөй, жайдары адамдардай эле көрүнүшчү. Кечээ кечинде жумуштан үйгө келип, лифттен чыксам, кошунанын эшиги ачык экен. Бир маалда аялы алдыман чуркап чыгып, көзү жашылдана: — Уктап калдыңызбы? — деп калды. Башында түшүнбөй, абдырап калдым. Анча тааныбаган аял киши бир заматта чуркап чыгып, «уктап калдыңызбы» дес