«О, ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында, кээ бир күмөндөр күнөө.[1] Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?![2] Жактырбайсыңарго! Аллаhтан корккула! Чынында, Аллаh тообаларды Кабылдоочу, Боорукер!» Кудуреттүү жана Улуу Аллах мусулмандарга өздөрүнүн мусулман бир туугандары тууралуу жаман ойлоого тыйуу салды, анткени андай ойлор көп учурда адамды күнөөгө түртөт. Негизсиз күмөн саноолор жана адам жөнүндө жаман ойлор күнөөлүү сөздөр жана амалдар менен тыгыз байланышкан. Ал ойлор адамдын ичине кирип, аны кийин өзү кейий турган сөзөрдү айттырмайын же амалдарды кылдырмайын жөн койбойт.