"Ата-мээрими"
Калтырам дале, чиймелеп барак дептерге,
Калыссыз өткөн, жаштыктын ар бир кездерге.
Катаамды түзөп, урушуп колго бир чапкан,
Кабак суз атам, жол бердим сени эстээрге.
Окшоштум ата, канатсыз учкан кептерге,
Онтоткон дартты, тырышам азыр эптээрге.
Жараткан сага, жаннаттан орун берсе деп,
Жалбарып тилеп, максатым ушул жетээрге.
Солгундайт жүрөк, чолок жаш агып каректен,
Тал элем анда, жаңы эле чыккан данектен.
Түгөнүп гана, калчудай болгон жалганда,
Калтырып кеттиң, канты көп канда диабеттен.
Бала чак өттү, мээримин көрбөй атанын,
Эркелеп өстүм, көзүмө илбей катанын.
Өкүнүп азыр, ээрдимди тиштеп турсам да,
Өзүңдөн сезип, өткөнгө өтө капамын.
Атасыз калган, баланы көрсөм жетимди