Жаңыртып жараатымды козгобочу,
Жаңылтып, адаштырып, кордобочу.
Жүрөмүн жылмайыңкы сыр билгизбей,
Жүрөгүм жан кейитип, боздобочу.
Жан дүйнө кыйкырыгын ырдабачы,
Жашоомду татаалдантып, кыйнабачы.
Жайдары ыр жазымыш болуп жүрөм,
Жабыркап, жашың төгүп, ыйлабачы.
Ичиркеп "итчиликтен" соолубачы,
Илешип жаман ойлор тоорубачы.
Изги ой, үмүт байлап басып жүрөм,
Иренжип, ички дүйнөм оорубачы.
Асыл ой, акыл кени оголе көп,
Акындар дербиш өңдүү басып жүрөт.
Жакшырып заманыбыз оңолоор- деп,
Жазуучу жазган ырын катып жүрөт.
Убакыт учуп жатат зуулдаган,
Улуган кыйкырыгың угулбаган.
Өкүнбө өзүң менен кошо кетсе,
Өзгөрбөй тура берсе ушул заман.