"Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Анын Өзүнө кайтып барабыз" (Куран аяты). Кече түндө 40 жаштан өткөн кошуна Эже каза болду. Жакшынакай болуп эле жүргөн Эже, элдерге жеңил болсун деп 50 сомдон гана баня жагып, жакшылык кылчу. Бүгүн жерге берилет. Айтаар сөзүм азыр жаназага баары келди, тууган-урук, кошуна, дос-жар баарысы, ыйлаганы ыйлап, кызмат кылганы кызмат кылып жүрөт. Эмне үчүн биз Адам баласы ушул кызматты, жакшылыктарды, жакшы сөздөрдү айтууну маркумдун көзү тирүүсүндө кылбайбыз? Эмне үчүн биз Адам баласы маркумдун тирүүсүндө, ыйманга, исламга чакырбайбыз? Эмне үчүн маркум өлгөндөн кийин өкүрүп ыйлап, каяктагы жок сөздөрдү айтабыз? #Келгиле_тирүү_кезде_бири_бирибизди