Таксист жолдо баратса бир аял тосуп калат, ал аял таксиге олтуруп жолдо баратып:
- Байке акчам калбай калды, жол кирени акча тапсам сөзсүз берем жеткизип коесуз ээ? -дейт. Таксистин ачуусу келип машинасын жүгөрү өсүп турган жакка айдап барып, машинадан түшүп чоң одеалын жазат да:
- Түш машинадан!!!
Аял:
- Жоок, коюңуз байке.
Таксист:
- Түш деп жатам!!!
Аял:
-Коюңуз байке менин үй-бүлөм бар, төрт балам бар.
Таксист:
-Сенин төрт балаң болсо, менин кырк тоогум бар. Жол кирең жок болсо мына одеялга толо жүгөрү кайрып чык, жол киреңден кутуласың, - деген экен.