Оо дарактар кайда калды чачыңар,
Солкулдаган жоосун алган көздөрдүн.
Ак,кызгылтым бантик таккан жаздагы,
Алма,өрүгүм неге мынча өзгөрдүң?
Ооба билем.Суроом да бар,жообум бар,
Бул да болсо табигаттын өкүмү.
Өзүм деле жылдан-жылга таз тартып,
Өңүм өчүп,калбай барат көкүлүм....
Анан эмне мезгил деген мезгил да,
Жалбырак не? Адам кетип жатпайбы!
Күз деген -күз.Муңайбагын дарагым,
Сен жазга чык.А мен тынчып жатпайын.
Ав:Гульниза Эргешова