Көзүмдө мөлтүлдөгөн
Көз жашты төгүш үчүн,
Көөдөндө көлкүлдөгөн,
Көп сырды бөлүш үчүн,
Көңүлүм сүйгөн жанды,
Көксөдүм көрүш үчүн...
Издеген өмүр бою,
Ишенген жазым болуп,
Ичинен көп адамдын,
Иргелип жакын болуп,
Ийменип тургум келди,
Ийниңе башым коюп...
Мээримсиз күндөр бирок,
Мезгилдин агымында,
Мелмилдеп агылууда...
"Бир үзүм от"