Окумуштуулардын айтымында, жакында бели ооругандар сан жагынан жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки эле 2-орунга чыгат дешүүдө. Сөз болуп жаткан оорунун түрлөрү жана келип чыгышы тууралуу Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор, ортопед- вертебролог Жаныш Сулайманов баяндайт.
ОСТЕОХОНДРОЗ
Эмне болгон оору? Оору омурткалардын арасында жайгашкан кемирчектердеги зат жана кан алмашуунун бузулушунан келип чыгат. Себептери. Буга дамамат бир орунда жылбай отуруу, омурткалардын жаракатка кабылуусу түрткү болот. Остеохондроздун 3 стадиясы бар. 1-стадиясында зат жана кан а