Майрамы бүгүн ыйык Энелердин.
Майрамы эже менен женелердин.
Майрамы карындаштын...аял заттын.
Майрамы жашыл жаздын..теребелдин.
~ ~ ~
Аялзат үлбүрөгөн,назик,тунук. Алдында таазим кылам,гүлүм сунуп.
Алыста жүргөнүмө белегимди.
Асмандан ала кетсин..сызган булут.
~ ~ ~
Райкандай жыпарынды таратканда.
Ракматым ашып түшөр,жаратканга.
Раймалы Бегимайын сүйгөнчөлүк.
Раазыдай сүйүп карайм..баратканда.
~ ~ ~
Таарынтпай..так көтөрүп өткүм келет. Таазимим...колдоруну өпкүм келет. Таалайды бакыт менен кошо таап.Талашпай..бут алдына төккүм келет.