Эркин Асылбек менен сүйлөшүүнү чечип, кечтин кириши менен анын үйүнө жөнөдү. Көчөдө отурган инисинен Асылбекти чакыртты. Ким экенин билбей эле чыккан Асылбек Эркинди көрүп чочуп кетип, бирок билдирбеске аракет кылды. Алар көчөнүн башындагы алма бакка барып сүйлөшүүнү эп көрүштү. Асылбек ичинен кооптонуп баратат. Алма бакка бат эле жетип келишкен экөө мөмөсү төгүлүп турган эрте бышкан кызыл алманын түбүнө көчүк басышты. Асман шаңкайып ачык. Жылдыздар жымыңдашып түндүн көркүн ачат. Эркин сөздү эмнеден баштаарын билбей аркы-беркини кобурашып отурушту. - Асылбек Аруукеге эмне деп айттың? Себебин билсем болобу?- деди бир убакта Эркин. Эмне деп жооп берээрин билб