*****
Бактылуу жол мага түгөнбөгөн,
Бакытым үчүн да күрөшпөгөм.
Сезимди бар эми кайрып алгым,
Сиз жокто деле эх, күн өткөргөм.
Талпындым тар жолдо канча ирет,
Тагдырым, ырларым баары билет.
Сүйүүмдү ээрчитип бара жаттым,
Көрүүгө мен сизди акыркы ирет.
Жүрөгүм ыйлады, жабыркады,
Жүр дедим, өчүрбөй жалындарды.
Жүз жылдан соң балким эскерилер,
Жүзүмдөй сүйүүбүз биздин таттуу.
Гүлдөрбү? Дирилдеп кайгырышкан,
Тоолордо ак сүйүүм жаңырышкан.
Махабат толкунун тосуп алып,
Адам көп, мага окшоп жаңылышкан.
Курсагым сүйүүгө тойбой ачкан,
Кыйналып сезимдер жарды ашкан.
Сагыныч, кусаны артам дагы,
Сиз менен коштошом айрылыштан!
Т. Калмурат кызы!