Төрт дубалы бар, бирок тамы жабылбаган кичинекей үйдө жесир аял жана анын кичинекей баласы жашайт. Үйүнүн жыгач эшиги болсо да, жамгыр, кар жааса, үстү жакшы жабылбаган бул эски үй аларды жаандардан сактай албайт. Ага карабай бул үйбүлө Аллахтын берген нематтарына шүгүр кылып күн көрүшөт. Бул аялды эң катуу кыйнай турган нерсе бул кыш мезгилиндеги кар-жамгырлар. Баласы 4 жашка чыкканга чейин Аллахтын жакшылыгы менен андай катуу кар-жамгыр болгон жок. Бир күнү асманды коюу булут каптап кеч киргенде катуу жаан жаап баштады. Адамдар үйлөрүнө кирип жаандан сактанып жатышты. Бирок жесир аял жана анын кичинекейи абдан оор абалда калышты, жаан астында кийимдери суу болуп калган. Эне баласыны жаанда