Эгер бүгүн... апам тирүү болгондо,
Бармак белем майрамдатып койгонго.
Эстеп алып мен томсоруп отурам,
Күлүмсүрөп элеси бар ойлордо.
Күтчү күндү келет го деп саргайып,
Жолум карап ойлору бүт чаржайыт.
Кирип барсам жаш баладай кубанып,
Бетимен өөп сурар эле ал-жайым.
Азыр мени эч ким күтпөйт апамдай,
Калдым өзүм...апам бардай каттабай.
Анда-санда телефондон сүйлөшүп,
Апам жокто...бир тууганым башка ай!
,,Эжең келди"- тамагыңды жаса деп,
Айтаар эле келинине акыл кеп.
,,Ичпейм"-десең жаш баладай таарынып,
Калаар эле кабак бүркөп санаа жеп.
Отурбапмын... көпкө чейин жаныңда,
Кайын-журт деп кетчү элем чынында.
Кошо чыгып узатчу эле тажабай,
Барган сайын мейли жай же кышында.
Мына бүгүн...бар