Адам колу ачык, берешен болууга үйрөнүүсү керек. Анткени, бир күнү эң кымбат нерсеси болгон жанын, рухун берет. Эгер адам жоомарттыкты адатка айландырса жан тапшыруусу оңой болот. Динибиз алууну эмес берүүнү буйрук кылууда. Адамдардан келүүчү зыяндарга сабыр кылуу, алардын көрсөткөн кысымдарына чыдоо, адамдарга көмөк көрсөтүү, ооруларын жеңилдетүү жана ушул сыяктуулардын бардыгы өз ырахатын өзгөлөр үчүн курмандык кылуу, тактап айтканда, берешендик болуп саналат. Хадиси шарифте мындай делет: «Бул үч нерсе үчүн ант кыламын: Садага берүү менен дүнүйө-мүлк эч качан кемибейт. Мындай болгон соң садага бергиле! Зулумдук кылган адамды Аллах ыраазылыгы үчүн кечирген адам дүнүйөдө да, акыретте да жого