Кой десе болбой кумурска эшеке чыкты турмушка. Арадан бир ай өтө элек төрөп койду кумурска. Күндөрү айга толо элек жашоосу жакшы боло элек. Кумурска айтты эшеке ачылган сүйүм соолуй элек. Ажырашам деп айтты жакпаган жаман кеп айтты. Аңгыраган сендейге адашып тийдим деп айтты. Коделек аны эне дейт эшектер баары жеңе дейт. Курс көтөрүп кумурска эшекти өзүнө теңебейт. Бир күнү айтты кумурска алыска кетем жумушка. Жообун берсең эшегим чыгамын башка турмушка. Анда эшек аңгырап кумурскага таарынат. Баланы ойло ортодо таштаба деп жалынат. Кой дегенге койбогон кумурска эрге тойбогон. Башкага эрге тийгенде жыргаймын деп ойлогон. Кумурска кети таштады эшеги ичип баштады. Арада байкуш коделек ыйлап көз