Ажалынын жакындап калганын сезген бир бай уулун чакырып алып:
- Уулум, мен өлгөндөн кийин, «жума сайын кыз алып, калаа сайын үй сал. Аш жесең, бал жегин», - деп осуят айтыптыр.
Бай дүйнөдөн өтүп, уулу атасынын осуятын аткара баштайт: жума сайын кыз алып, калаа сайын үй салат. Аш жесе, бал ичип, акчасын түгөтөт. Ошентип жигит кедей болуп калат. Бир күнү ээн талаага барып, бир далдаанын артына келет да, баш кийимин колуна алып, башын мыкчып отуруп калат. Ошол убакта, бир жактан бир аксакал келип, жигитке салам берет. Жигит алик алган соң, анын жанына отуруп, жигитке:
- Эмне кылып отурасың? – дейт.
- Жөн эле отурамын, - деп жооп берет.
Аксакал:
- Чыныңды ай