Эки жакта сыздап жүргөн. Эки ашык ыйлап жүргөн Сагынчтар кыйнап жүргөн, Бул.. Бири сенсиң, бири мен. Алоосу жок күйүшкөндөр Жомок сымал сүйүшкөндөр. Кайгы тонун кийишкендер, Ал.. Бири сенсиң, бири мен. Арзууларды самашкандар. Ай-жылдыздай жанашкандар. Акыйкатты талашкандар, Ким? Бири сенсиң, бири мен. Турмуштун тар жолдорунда. Таш боор тагдыр торлорунда. Жүргөн куса ойлорунда, Эх.. Бири сенсиң, бири мен.