31- бөлүм
Бардык соттун өкүмүнө баш ийип, аргасыз тишин- тишине басып Сайкал жинденип Ашыраалы турган үйгө келди... Баалуу буюмдарын машинага жүктөп жатып, Төлөйкөндү ичинен каргап алды.
--- А кара ит десе! Жаткан экен го мында. Аяш эне, деп алып куу как баш, алдап жүргөн экен. Боорумду ачып, өз уулумдай көрүп, Ашыраалымды ээрчип келсе, эч нерсе аябай берээр элем. Чогуу окуп, чогуу чоңоюп, тузумду татып, ушул жерде эле ойноп жүрчү эле. Бүгүн менден жүзүн буруп каршы чыкты. Тузум урсун! Өлүгүңдү көрөйүн желмогуз! Тиги жүдөгөн Акмарал деген немеге жага бербей калбадыбы! Көздөрү күлмүңдөп, чырагына май тамды. Солдойгон акелери тимеле эч нерсе көрбөгөндөй мени жеп коё жаздады. Жезкемпир!-