Алтынбек Эгембердиев Кош ала тоо уулуң кетти даватка. Кошулуп оштон келген жааматка. Колу бетти бир жумада жуучу элем. Коркпойм эми көнүм калдым дааратка.
Сакалды төшкө чейин өстүрөм. Жоюлат дейм кетирген көп күнөөм. Үстүмдөгү адидасты ыргытып. Буйруса сүннөт кием деп жүрөм.
Он чактыдай шариаттардан жаттадым. Жатка билем пайгамбардын аттарын. Көрүнгөнгө лапша илип жүрчү элем. Кор болотко байкуш менин калптарым.
Үч күнгө жетсе экен деп акчабыз. Үйдөгү тамакты эстеп ачкабыз. Ашпозчуга шайлап коюп бирөөнү. Үйлөрдү кыдырабыз башкабыз.
Күнөөлөрдү кечирегөр жараткан. Күнөө кылып далай күндөр таң аткан. Пендеңди таза жолго бастырып. Сактайгөр чылым, пиво, арактан.