Бактысыз балалык. Биринчи бөлүм. Болгон окуя. Апам бизди бакканга шарты болбой алты баласын туугандарына таркатып берди.Анын үстүндө атам дагы ичкиликке берилип, үй-бүлө жоопкерчилигин сезбей калган эле.Эки бөлмө жер там. Эч нерсеси жок,жада калса пол да эмес, жерге палас төшөлгөн эле.Итке минген кедей элек. Ар кимден ар нерсе сурай берип,бизди көргөндө итин бошотуп,эшигин илип алыша турган болгон кошуналар.Мектепке да барбай калдык. Үй суук,кыш келе жатат бутубузга жылуу өтүк жок.....Ушуга окшогон жетишпестиктер апамдын саамайын дагы агартты. Өзү дагы турмуштун оор түйшүгүнөн чарчап,анча мынча ачуу суудан жутуп келет. Бир күнү апамын туугандары келип бизди бирден бөлүп кетиш