Кечээ, Талас облусунун Манас районунда Улуттук КӨК БӨРҮ оюну боюнча чон мелдеш болуп өттү. Жалпысынын облус боюнча 8 команда катышып, жеңген команда АЛТЫН КУБОК менен сыйланды.
Урматтуу Жаш Атамекенчилер жана биздин Жаштар Канатынын катарын толуктагысы келип жүргөн достор! Сиздерди 2-февраль күнү саат 16.30-17.00гө чейин жаңы офисибизде (Бишкек шаары) күтөбүз. Офис Тынчтык проспектисиндеги (пр Мира) Ормон хандын эстелиги тарапта жайгашкан, Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен жерден жогору чыгасыз. Келгенде төмөндөгү номурларга чалыңыз ; 0556931093, 0709868692 (Мурат) 0707363005 (Бектур) Жыйынга келип акыркы жаңылыктар менен жана алдыдагы жасай турган иш пландарыбыз жана максаттарыбыз менен таанышып кетиңиз!
Бишкек шаарында жаңы штаб ачылды. Билимдүү, демилгелүү жаштарды биздин партиянын жаштар канатына чакырабыз! Толук маалымат алуу үчүн личкага кайрылсаңыздар болот!
Таластан чыккан балбандар өлкөбүздүн желегин эл аралык мелдештерде желбиретүүдө. Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2-декабрда Түркмөнстанда өткөн бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдештен жеңиштүү кайткан кыргызстандык спортчуларды кабыл алды. Делегациянын жетекчиси Камчыбек Жолдошбаеваталган мелдешке 25 өлкөдөн спортчулар катышканын, кыргызстандык 8 спортчу байгелүү орундарды алганын айтты. Текебаев жеңишке жетишкен спортчуларды куттуктап:"Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желеги көтөрүлгөнү кубандырат. Сергек жашоо образын пропагандалоо менен желегибиз тез-тезден көтөрүлүп турганы жакшы",- деп билдирди.Депутат спортчулардын мындан аркы мелдештерине ийгиликтерди каалады. Рез
6-июнь күнү “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” СПнын жаштар канатынын мүчөлөрү менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында “Ата Мекен” кече, бүгүн жана эртең!-деген теманын тегерегинде сөз кылышты. Алгач Бишкек шаардык жаштар канатынын ишмердүүлүгү туурасында тартылган кыскача видео отчет көрсөтүлүп, андан соң Ө. Текебаев сөз сүйлөп, жаштардын аталган тема боюнча суроолоруна жооп берди. Жолугушуунун жүрүшүндө эгемендик алгандан бүнүнкү күнгө чейинки саясий, социалдык-экономикалык абал жана эртеңки күн туурасында, ошондой эле жыйырма жылдан ашуун тарыхы бар “Ата Мекен” социалистик партиясынын кечеги тарыхы, бүгүнкү абалы жана эртеңки келечеги боюнча кеп козголду. Мындан