Күчтүү айымдарын катарын толуктап, эч нерседен тайманбай жакшы өмүр өткөрүш үчүн кандай жашаш керектиги тууралуу көптөгөн эрежелер жазылган китептер жана интернет айдыңында толгон- токой маалыматтар бар эмеспи.... Албетте, алардын көпчүлүгү пайдалуу маалыматтар жана жардамы тийе тургандыгына шек жок деңизчи, бирок, көпчүлүк учурда берилген кеңештерде, сунуштарда ар бир адамдын бир мүнөттүк алсыздыгы боло тургандыгын жана ал көп нерсеге тоскоол болуп, көп нерсени өзгөртө тургандыгын көз жаздымда калтырып коюшат. Ал эми психолог адистеринин арасынан орусиялык Полина Гавердовская күчтүү айым болуш үчүн кармана турган эрежелерди жөнөкөй, жатык тилде жана натыйжалуу ж