“Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын тѳрагасы Мелис Мырзакматов: «Ѳкмѳт чечет дегендин ѳзү жалган» - Акыркы мезгилде айрым бир мамлекеттик жогорку кызматта иштеген жетекчилер, кызматтан кетери менен, ѳзү же жакындары «кылмыш иштерине кириптер» деп айыпталган учурлар кѳп кездешүүдѳ. Себеби эмнеде деп ойлойсуз? - Себеби, бийликтин сокурлугунда. Эртең жалганым чыгып калса эмне болот деген ойдун жоктугунда. Жалган жалаа, жалган цифра, жалган идеология, жалган убадалар ѳкүм сүргѳн ѳлкѳнүн келечеги барбы? Бүгүн кырдаалдан чыксам болду, эртең эмне болсо ошол болсун деген кайдыгерликтин айынан, бийлик бутагында турган адамдар эч кимден уялбай калышты. Мисалы, кечээ эле «Салянова бышып жетилип калы