КЫРК БАЛАМ БАР
Көп балалуу болсом деген кыялым,
Ишке ашып ,көп балалуу убагым.
Таенемдин,таекемдин, апамдын,
Жолун жолдоп, бала окуткан курагым.
Кырк балам бар, кырк баланын кыялы,
Бир үй-бүлө болуп калган сыягы.
Тарбиялуу, билим кенин алууга,
Биздин мектеп балдарымдын 🏫 уясы.
Баласы көп , баатыр эне мугалим,
Бул кесипти тандап, ишин уладым.
Иштей берем, ден соолугум чың болсо,
Кудай берсе өмүрүмдүн узагын.🤗
Айнура Мамытова
03.10.2025-жыл