Апакем
Ыйык сезим, бул дүйнөгө тартуулап,
Ак сүтүңүз, уузун берип аруулап.
Сыркоолосом мен дегендей ой салып,
Кирпик какпай уктабастан, таңуулап.
Алыс кетип жаныңыздан апаке,
Көрбөй калдым, өзүңүздү мен көпкө.
Сагынычым толуп калды жүрөккө,
Айласыздан карай берем сүрөткө.
Кадырыңыз билдим апа талаада,
Кечириңиз, айтсам эгер каяша.
Бактыбызга сиз оорубаң эч качан,
Өмүрүңүз тилеймин мен кудайдан!
Эркелесем сагынычым тарабай,
Азыр деле колдон тарткан, баладай.
Бар дилимден эстеп алсам, өзүңүздү,
Ыйлап алам, чоңойгонум карабай.