Сүннөткө ылайык гусул мындайча алынат: 1- Адегенде таза болсо дагы эки колду,жыныстык мүчөлөрүн жана денедеги кирдүү жерлерди жуу керек. 2- Андан соң толугу менен даарат алып, бетти жууп жатканда гусулга да ниет кылуу керек. Буттун астында суу чогулбаса бутту да жууш керек. 3- Денеге баштан аяк суу төгүү шарт. Алгач үч жолу башка, кийин оң ийинге, кийин сол ийинге төгүү керек. Ар суу төгүштө ошол тарап толугу менен сууланыш керек. Сууну биринчи төгүшүндө жышынуу зарыл.Гусулда бир мүчөгө куюлган суу башкамүчөлөргө да акса, ал жак да тазаланат. Анткени гусулда дене толугу менен бир мүчө катары саналат. Даарат алып жатканда бир мүчөгө төгүлгөн суу менен башка мүчөсууланса,