Тамакты жалгыз жеген киши кыйынчылыкты да жалгыз тартат . Аалам адам үчүн жаралган, адам аалам үчүн жашайт. . Акылдуу адам өзүнүн жасаган ишине ишенет, акылсыз үмүтүнө ишенет. . Эгер адамдардын эң мыктысы болгуң келсе, алардан эч нерсеңди аяба. . Башкалар үлгү кылган киши бактылуу эмес, башкалардан үлгү алган киши бактылуу. . Өз өмүрүн акыл жана билим топтоого арнаган киши эч качан өлбөйт. . Уят, шермендечилик өмүрдөн да узунуураак. . Сараң бай март кедейден да жарды. . Чыныгы адам ташты да нанга айлантат. . Чоң уулуңду жакшы тарбияласаң кичүү уулуң өзү эле тарбияланат. . Картайган кезде билим алуу - кумга кат жазгандай. Жаш кезде билим алуу - ташка тамга баскандай. . Өзү