АЙТЫШ
Соңуркатчу сонун ырлардын автору Зикирдин Рысбаев агам менин ,,Жакшы адам" деген ырыма карата төрт шиңгил таштаган экен ,адат кармап айтышка уланып кетти .Анда эмесе аз талантыбызга баа берип ортоктош боло,оюңуздарды айтып коюңуздар..
Зикирдин:
Бар болсун ошол жакшы адам,
Калкалап алаар башкадан.
Күйүмдүү келин боло гой,
Кайын журт сени мактаган.
Гульниза:
Рахмат ага айтамын,
Маңдайга көрөм жазганын.
Жакшынын жары болууга,
Жараткан берсин жардамын.
Зикирдин:
Жараткан буюруп жакшысын,
Анын да ачсын бактысын.
Бир жашап анан түбөлүк,
Сыйлай жүр анын бакты үчүн!
Гульниза:
Сый гана болуп талашта,
Сыйлашуу жакшы адат да.
Турмуштун маани-маңызы,
Жакшы ой менен карашта.
Зикирдин:
Баркы