=СУЛУУЛУКТУ КӨЗДӨП КАШТАРЫН ТЕРГЕН АЯЛДАР=
📝Кооздук үчүн ичке кылып каш тердирүү шайтан оюндарынан, бузукулук үйүнүн эшиги деп эсептелет. Муну окуп алып *"Ислам кооздукка тыюу салат экен",* деп ойлобоо керек. Тескерисинче, ислам кооздукка, сулуулукка үндөөчү дин. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) төмөндөгү хадиси бул оюбузга далил:
《Аллах өзү кооз, Ал кооздукту жактырат》.
《Дин тазалыктын ,сулуулуктун үстүнө курулган》.
☝Ислам дини адамды кыйноо дини эмес, аны тарбиялоочу, тартипке чакыруучу дин. Мына ошондуктан шариятыбыз адамды денесиндеги арам түктөрдөн арылып туруусун жактырат. Аялдар жүзүндөгү, билектериндеги, буттарындагы түктөрдү алып таштоосу мүмкүн. Бирок башкалардын ниетин бузуу, алардын д