Энесинин курсагында жаткан наристе Кудайдан сурайт:
- Оо Жараткан, эртең мени жалган дүйнөгө жиберээриңди уктум, бирок мен ал жакка барууга даяр эмесмин, алсызмын, ал жерде кантип жашайм?
- Сен эч кабатыр болбо. Сени ал жакта периште сыяктуу бирөө күтүп алат, сени бардык кырсыктардан коргойт. Кечкисин ыр ырдап, күндүзү мээримин төгүп, көзүнүн карегиндей сактайт. Ошентип ал аркылуу бактылуулуктун жолуна түшөсүң.
- А мен мага сүйлөп жаткан адамдын тилин кантип түшүнөм?
- Ал сага дүйнө жүзүндөгү эң сүйкүмдүү, жагымдуу сөздөрдү айтып берип, сага сүйлөшүүнү жана пикир алышууну үйрөтөт.
- Оо кудуреттуу Кудай, сени менен сүйлөшкүм келгенде эмне кылам?
- Ал колунду ачып дуба кылууну да үйрөтөт.
-