Ыйлагым келип турат ыйлагым. Күндөн күнгө алсыроодо ыйманым. Ушул бойдон ажал келип мен кетсем, Акыретте билбейм кантип кайда тураарым...
Тобоо кылып кечиримди сураймын. Күнөөлөрүм кечире көр Аллахым. Мурдагыдай бир өзүңө жалбарып, Күндө түндө ибадатым кылайын...
Шайтандын азгырыгынан алыс кыл. Бир өзүңө сажда менен жакын кыл. Анча-мынча моюн сунбас напсиме, Күнөөдөн тосуп өзүң ага каршы тур...ав: Шерзат Ураимов
Бүгүн таңда турдум да бакыт издедим. Жолуккандан сурап коём бакыт издерин. Чоң эне айтчы бакыт кайда деп сурасам, деди мага мен көрбөгөм сен жакшылап издегин...
Кайда кайда Бакыт кайда жашынган. Баарына эле жолукпайлыбы изин жаап жашырып. Желмогузга жолукканда сурасам, бакыт издеймин деп өз башына өлүм албагын дейт ашырып...
Мейли дедим кайткан жокмун жолумдан. Издеп жүрүп бакытыма жолугам. Ошондо мен кармап калам колунан, Бакытымды алып келип үйүмө жашаймын мен кубат алып бактылуулук нурунан... (автор Шерзат Ураимов)
Арам болот бирөөнүн айтсаң айыбын. Сүкүт карма көрсөң да анын айыбын. Өзү жокто элге айтып жамандап, Анын күнөөсүн мойнуна илип албагын...
Гыйбат кылган тууганыңдын этин жеген менен барабар. Гыйбат деген күнөө күнөө деди эле Пайгамбар. Пайгамбарыбыздын сөзүнө моюн сунуп, Ушак сөздү токтотолу туугандар...
Гыйбат кылба андан көрө дуба кыл. Кыйла жерге секиртпесин кызыл тил. Бирөөнүн айыбын айтып гыйбат кылганча, Тасбих айтып Аллах атын зикир кыл.( Автор Шерзат Ураимов)
Азреил жаныбызды ала электе, баары бүтүп кеч болуп кала электе. Намаз окуп сажда кылып калалы биз, аманат жан денеден чыгып кете электе...
Дүйнөдө амал бар да сурак жок. Акыретте сурак барда амал жок. Ойлонолу өзүбүздөн сурак алып, Акыретке кандай амал кылдым деп...
Амал бар да амал кылып калалычы. Аллахтын ыраазылыгын табалычы. Караңгы жалгыз жатчу көрүбүздү, Дуба кылып жарык кылып алалычы...автор (Шерзат Ураимов)