Куран бүткүл илимдердин негизин өз ичине камтыган, сырлары, ачылыштары түгөнбөгөн адам таң калаарлык кереметтүү китеп.
Куран Алла Тааланын жер менен асмандагы чагылган ысымдарынын руханий казынасын ачыктаган сырдуу кайып ааламынан кабарларды билдирген тил. Куран исламдын жаркырыган күнү, пайдубалы. Куран Алла Тааланын, адамзаттын материалдык, моралдык бүткүл муктаждыктарын канаттандыраарлык абалда түшүргөн берекелүү кемтиксиз ыйык китеби. Ал жер менен асмандын жаратуучусунун кайрылуусу он сегиз миң ааламдын ээсинин буйуругу, бүткүл бар болгон нерселердин кудайы болгон Алла Тааланын улуу сөзү.
Пайгамбарыбыз (САВ) айтты: "Силердин эң жакшыңар куранды үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөнүңөр".