Тыным билбей, суктандырып кун сайын, Осуп жатат менин Базар-Коргонум. Беш жыл мурун кеткен адам тааныбайт, Кайтып келсе районумдун борборун. Катар-катар турак жайлар салынып, Калып кеткен, жайлар эски алынып. Курулушка толуп барат кучагын, Кургап жаткан кум сай элге багынып. Тундо куйот жашыл, кызыл чырагы, Жакын болуп базарчынын ыраагы. <Тайлак> атам колдоп турат куну тун, Баарыбызга нур токкондой сыягы. Байып, толуп алдыда бол деп тилейм, Кун кур эмес тойлор болсун элимде. Бактылуумун, элим болсо бактылуу, Оюн, кулку, шаттык болсун жеримде. Ушул темпте оркундой бер, осо бер, Туулган жерим - менин Базар-Коргонум. Эбим келсе элуу жылдап жазмакмын Сага арнаган ырларымдын томдорун