Апакем айтчу эле тил безеп,
Ар нерсе туйбасак, билбесек.
Ааламда сенчелик жалооруп,
Айтчы апа, абалым ким сезет?
Азыр да мени ойлоп жатаарсың,
Ар кандай сан ойго батаарсың.
Атасы болсом да баланын,
Эркем деп бооруңа катаарсың.
Пенделик кылганга кебелбей,
Терикпей, эч кимге теңелбей.
Эң бийик жүро гой балам деп,
Эч бир жан айтпастыр энемдей.
Кимим бар сенчелик сыйлаган,
Кимим бар эч качан кыйбаган.
Жакшымды чыгарып ар дайым,
Жаманым жашырып жыйнаган.
Кимим бар эч качан кыйбаган?