*Оо Жараткан....*
Күтүп жүргөн жаз да келди..,март келди,
Жалгыз келбей мартка кошо дарт келди.
Пейил кетип,ыйман кетип турганда,
Жараткандан «ойлон»деген шарт келди.
Оо Кудайым..,бар экениң билгиздиң,
Көпкөн элек..,эсибизге киргиздиң.
Тумшугубуз асман тиреп калды эле,
Тумшуктарды жерге кайра тийгиздиң.
Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң..,
Баштарды да жайнамазга тийгиздиң.
Өлбөчудөй өпкөбуз көөп калды эле,
Мурдубузга өлүм жытын тийгиздин,
Оо Жараткан., бар экениң билгиздиң..,
Баарын тегиз акылына киргиздиң.
Бай кедейге калган элек бөлүнүп,
Баарыбызга окшош беткап кийгиздиң.
Оо Жараткан.., бар экениң билгиздиң..,
Көп адамды акылына киргиздиң.
Көчүгүбүз жер жыттабай калды эле,
Баары