Апам белин катуу туйуп беш баласы менен жаздыр-куздур талаада. Атам болсо Ошко камаз айдап, уйго келгенде эртеден кечке машинесин ондойт. Кечкисин атамдын колун жууга кумганга жылуу суу даярдап, самынымды алып жономой менин сыймыктуу кызматым эле. Капкара майга боёлгон колун биринчи солярка мн жибитип алып анан самын сууга жууп идиш кырган темир тор мн жышчу, бирок канчалык жышпасын тээрисинин сызыкчаларына синген май кара казандын жылчыктарына толгон коо сымал турчу да калчу. Колдору элдикиндей тазарбашын экообуз тен сезип турчук. Атамдын ошол абалын коруп балалык кыялымда аны суйундурсом деп энсечум. Кичинемде озу оокатка тын эмес элем, талаа чабыкта элдин эн артында калып синдим Бурул куб