«ТАРБИЯ ДЕГЕН УШУНДАЙ»
Баласы үйлөнөөр алдында, апасы уулун жанына чакырып:
— Балам өмүрлүк жар алып, бир бүтүн болгону турасың. Сенден бир гана нерсени сураймын. Жубайың биздин үйдүн босогосун аттаган күндөн тарта эртең менен колума суу куюп, жүз аарчы сунуп турасың. Болгон тилегим ушул. Каалагандай жашай бер! Бирок бул сөзүмдү жубайыңа эч айтпа, - дейт.
Бала апасынын сөзүн угуп, айтканын аткарат. Келиндин келгенине бир ай болот. Күйөөсү эртең менен дайыма апасынын колуна суу куюп, чайын ичип, жумушуна кете берет. Келин ичинен «Күйөөм апасын урматтайт тура. Мен да урмат кылышым керек экен» - деп таң эрте туруп, кайненесинин колуна суу куюп бере баштаптыр.
Күйөөсү аны көрүп: «Апама ме