“АТА” ДЕГЕН КИМ ӨЗҮ?
АТА ушундай зат, анын бут кийими чоң болгонуна карабай кийип көрөсүң.АТА ушундай зат, күн бою эмгектенип, акча таап, сенин курсагыңды тойгузуп, окутуп, адам катарына кошуу үчүн тынбай аракетте болгон мээнеткеч инсан… Ал күн бою мээнет кылат. Кайсы учур болбосун ал дайым тоодой түйшүктөр менен жүрөт. Сени багам деп иштеп жүрүп, ар кандай кагуу-силкүү, көңүл үшүтөөрлүк сөздөрдү да укпай койбойт.
Жетекчисинен катуу сөз угуп эле калбастан, айрым адамдар менен пикири келишпей, көңүлү чөгүп калышы да мүмкүн. Бирок ал мунун баарын көтөрөт. Анысы аз келгенсип, үйгө бара жатканда көңүл ооруткан сөздөрдүн баарын сыртка калтырып, ар дайымдай дүкөнгө кирип, сен үчүн шириндиктерди а