Кызыма насаат
Барган жерден, балам наалат алып бербе,
Уят кылба, ата-эненди журтка, элге.
Тарбиясыз келинго деп айтышпасын,
Мээнетинди аянбагын, тушкон жерге.
Энесин коруп кызын ал деп, соз бар элде,
Намысымды коргоо менин, кызым сенде.
Жолдошундун туугандарын урмат менен,
Улуусун да, кичуусун да, сыйлап сиз де.
Кайнатандын батаасын ал, кагылайын,
Кайненендин кызматын кыл, жалынайын.
Сен аларга келин эмес, кыздай болуп,
Торкунуно конок болчу, сагынайын.
Ак оргондон бакыт тапкын, жан чырагым,
Корбойун эч, коз жашындын тамчыларын.