Эми баарын тушундум...
Жолумдун баары туз эмес экен,
Жомоктун баары туш эмес экен.
Акыры андап тушундум апа,
Адамдын баары сиз эмес экен.
Козунон нуру тамганды кордум,
Кокурок толо арманды кордум.
Кылбасам да эч кимге зыян,
Кылыгы жаман жандарды кордум.
Чагылган, оттор очконун билем,
Чалышат алар оздорун билем.
Баягы сенин, суу куйган гулун,
Бараткан сайын осконун билем.
Жартымды жаман тордоду апа,
Жакшылар жамап ондоду апа.
Жабыгып дуйном чачылаар кезде,
Жараткан озу колдоду апа...
Кубулгон шактай куз болдум эчен,
Куйутко салып жуз тондум эчен.
Энтигип далай арыштап барам,
Элине жакын кыз болгун десен.)))