Өлүм менен жашоонун сүйлөшүүсү.
Жашоо өлүмдөн:
- Эмне үчүн адамдар мени жакшы көрүшөт да, сени жаман көрүшөт? - деп сурайт.
Өлүм:
- Анткени сен жалган жана коозсуң, а мен болсо ачуу чындыкмын, акыйкатмын! - деп жооп кайтарат.
Адамдардын сен тууралуу айткан сөздөрү топурак сыяктуу. Эгер аны абага учуруп жибербесең, таман асты болуп тепсендиде калат. Жашооңду Жараткан ыраазы боло турган таризде өткөрө бер, себеби, тилдер эч качан токтобойт, сен тууралуу ушак-айың сөздөр айтыла берет.
Эгер жашоо жеңил болгондо, сабыр бейиш эшиктеринин бири болмок эмес. Салих кишилердин биринен чыныгы сабыр качан болот - деп суралганда: «Башыңа балээ түшүп денең сыздап турган учурда, жүрөгүң менен Аллага