Жайлоого келгем жайында,
Саратан июнь айында.
Жаркылдап келип кетчу элем.
Жароокер апам барында.
Сагынып келгем айылга,
Кыш эмес дайым жайында.
Кубанып келип кетчу элем,
Кымбатым апам барында.
Толкундап келгем айылга,
Жайдын бир толук маалында.
Томсооруп эми биз калдык,
Апакем жок айылда.
Айылда апам болбосо,
Айыл да чыкпайт коркуно.
Алтыным апам откон сон,
Келгим да келбейт торкунго.
Келемин оо бирок коп кундо.
Кымбатым апам болбосо,
Короонда чыкпайт коркуно.
Кымбатым апам откон сон,
Келе албай калдым торкунго.
Келгим да келбейт торкунго,
Келемин оо бирок коп кундо.