Салиха Аял 🧕 Аалымдардан бир зат жаш жана сулуу бир келинди сыноо үчүн мындай деди:
– Сендей сулуу келиндин ушундай өңсүз күйөөсү болгону жакшы эмес.
Күйөөсү өңсүз, кир жүргөн, көрүмсүз адам болгон сулуу келин ал аалымга кооз жообун берди:
Эй, аким! Сиз жаңылыш сүйлөдүңүз. Сөзүңүз туура эмес. Мындай сөздөрдү сиздей аалымдан угуп абдан иренжидим. Анткени күйөөмдүн Алла Тааланын алдында бир сообу бар болсо керек, мени ал соопко карата бир сыйлык катары ага насип кылса керек. Балким мен бир күнөө иш кылган болуум мүмкүн. Жараткан бул күнөөмдүн жазасы катары мени ага бергендир. Жараткандын берген тагдырына ыраазы болуу керек.