Миргүл Эшбаева, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери: “Апам жеткен ууз чебер болчу” Ар дайым кабагы ачык жаркылдап тосуп алган, өз ишинин мыктысы Миргүл айымды апасы тууралуу маекке тарттык... - Миргүл айым, ар бир адамдын жүрөгүндө өз кичи мекенинин сүрөтү жашайт эмеспи. Маегибизди сиз өскөн жер, адамдыктын пайдубалы түптөлгөн балалыктын карегинде калган кайталангыс, бактылуу күндөрдөн баштасак.. - Мен бийик тоолордун кызымын. Балалыгым Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар шаарчасында өттү. Үйүбүздүн так үстүндө ташы кызыл бийик тоолор болор эле. Кызыл таш деп койчубуз. Балалык десеңиз, ошол бийик тоолордо үнүбүз жаңыра кыйкырып ойногонум эсиме келет. Айыл элинин турмушу баа